Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Борбор Азия аймагына сапарынын алкагында 26-октябрда Кыргызстанга келет.
Бишкекте ал президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар, инвестиция, коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрөт.
Жапония - Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация 2013-жылы Жапонияда болгон. (AiT)