Мен тарткан Петербург
Бул шаарда 20 миңден ашык кыргызстандык эмгектенет деген маалыматтар бар. Бирок ЕАЭБга киргенден кийин кыргыздардын саны көбөйгөнүн коомдук жайлардан байкоого болот.
9-май - Орусияда улуттук майрам. Бир ай мурун даярдыктар көрүлүп, бардык жерде майрамдын шаңы күч.
Шаар тарыхый имараттары, өзгөчө түнү менен туристтерди өзүнө тартат.
Туристтердин басымдуу бөлүгү - Кытайдан келгендер.
Көлөкө
Кеч кирери менен кыймыл жанданып, көчөдө сейилдеп жүргөндөр көбөйөт.
Жамгыр жайлоодогудай эле жаай берет. Бул шаардын ар бир тургуну кол чатырды дайыма өзү менен ала жүрөт деп тамашалашат.
Күүгүмдөгү Троицк көпүрөсүнүн көрүнүшү
Бүтүрүүчүлөр кечеси өткөн маалда коомдук транспорттор таң атканча иштеп турат.
Жергиликтүү тургундар Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдары фашисттер бул шаарды бомбалаганга дааган эмес деп сыймык менен айтышат. Исидор Юрьев чиркөөсү
Юсупов багы
Жаш-кары дебей китеп окугандарды көп кезиктирүүгө болот.
Таң атканча шаардын борборунда элдин агымы азайбай келет.
Кыргызстандыктар да кечкисин сейилдегенди адатка айланткан.
Кандай гана майрам болбосун жердештер ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп турушат.
Шаардын ортосунда жайгашкан Исакеев чиркөөсү
Көчө ырчыларын ар бир эки кадам сайын көрүүгө болот.
Санкт-Петербургдагы полиция кызматкерлери мигранттарды жүйөсүз текшербегени Москвадан келген мекендештерди өзгөчө таң калтырат.
Дастан Үмөттегин Санкт-Петербургда курулуш тармагында иштейт.