АКШнын мамлекеттик катчысы мындай чакырыкты Израил жана Палестин лидерлеринин дарегине жолдоду.
Керри бүгүн Мадридде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, азыр Израилдин жана Палестинанын лидерлери “ал-Акса” мечитинин айланасынын макамына тактык киргизүүсү жана бул аптадагы сүйлөшүүлөрдө кыянатчылыктарды басаңдатуучу чараларды макулдашуусу маанилүү болуп турат.
Соңку күндөрү көп учурларда палестиндер жөөттөргө бычак менен кол салган кыянатчылыктар Израил Иерусалимдеги “ал-Акса” мечитинин айланасын ээлөөнү көздөп жатат деген ушак-айыңдар да шыкакчы болду.
Ислам дүйнөсүндө үчүнчү ыйык жай катары саналган “ал-Акса” мечити турган жерди жөөттөр да өз тарабынан алардын бузулуп калган байыркы эски храмынын орду катары карашат. Израил “ал-Акса” мечитинин айланасы боюнча азыркы кво статусун алмаштыруу планы жоктугун ырастап, ушак-айың таратуу менен кырдаалды козутканы үчүн палестиндерди айыптоодо.
Соңку кыянатчылыктардан сегиз израилдик жана 40тан ашуун палестиналык өлдү. Алардын арасында кол салгандар да бар.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри ушул аптада адегенде Берлинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, андан соң Иорданияда палестин лидери Махмуд Аббас менен кездешкен жатат. (UE)