Ооганстанда алгач ирет эл аралык чуркоо марафону өттү

Ооган жеринде зомбулук жана согуштук маанай токтобой турган учурда мамлекет тарыхында алгач ирет чуркоо марафону өттү. 16-октябрь күнү Бамиян өрөөнүндө уюштурулган мелдешке оогандардан сырткары, Европа өлкөлөрүнөн, АКШдан жана Канададан келген спортчулар катышты. Алар 42 километр аралыкка чуркашты. Иш-чара “Ооганстан марафону” деп аталды.

Жыйырмадан көп спортчунун арасынан британиялык жеңил атлетчи Кит Макинтош жеңүүчү болду.

Андан сырткары жергиликтүү аялдар үчүн 10 километр аралыкта өзүнчө марафон уюштурулду.

Мелдеш өткөн Бамиян өрөөнүндөгү Будданын айкелдерин талиптер жок кылганы маалым. (SE)