Ошто аскерлердин балдары аянтчалуу болушту

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 500 чарчы метрлик жаңы балдар аянтчасы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Түштүк-батыш аймактык командачылыгынын аскер кызматкерлеринин балдары үчүн курулду.

Аскер базасы жайгашкан шаардын Кулатов кичирайонунда кызматтык 80 батирде Коргоо министрлигинин аскерлери үй-бүлөсү менен жашачу. Буга чейин алардын балдары үчүн ойной турган жай жок эле.

Балдар аянтчасы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан берилген 500 миң сом сертификаттын негизинде курулду. (ErN)