Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Ооганстанда 2016-жылдын соңуна чейин 9 миң 800 аскер кызмат өтөй турганын билдирди.
15-октябрда Ак үйдөн сүйлөгөн Обама АКШ аскерлеринин миссиясы өзгөрбөстүгүн, алар мурдагыдай эле ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырып, Ооганстандагы террорчулукка каршы иш-чараларга жардам берерин маалымдады.
2017-жылдын январь айында Ооганстанда кала турган АКШ аскерлеринин саны 5,5 миң болмокчу.
Бул чечим улуттук коопсуздук тобу жана Ооганстандын бийлиги менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын Обама кошумчалады.