Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын ичинен айрым талапкерлер тизмеден чыгып кетүүдө. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айтылды.
БШКнын маалыматына караганда, бүгүн «Кыргызстан» партиясынан 1 талапкер чыкты (кечээ 44), «Ата Мекенден» 2, КСДПдан 3, «Республика Ата-Журттан» 15 (кечээ 55), «Өнүгүү-Прогресстен» 5 (буга чейин 11 адам) чыкты.
«Бир Болдон» кеткендер тууралуу азырынча расмий айтыла элек. (AKu/RK)