Топоз кышта кол карабайт
27 жаштагы Данил Бейшеналиев беш жылдан бери Ак-Сайда топоз багат. Ал учурда элдин 130 топозунун ар бирин 150 сомдон багат.
Ак-Сай жайлоосу топоз бакканга ылайыктуу болгондуктан бир эле кишинин 500дөн ашык топозу бар.
Учурда топозго суроо-талап күч. Анткени көпчүлүк эл аны кышкы согумга соёт. Бир топоздун баасы 50 миң сомдон 70 миң сомго чейин болот.
Топоз кышында да курсагын талаадан тойгузат. Ал эми топоз баккан малчылар аны кайтарган аты үчүн гана тоют даярдашат.
Топоздун көңү көмүрдөй эле тап берет. Кышы бою топоз баккан малчылар үчүн бул табылгыс отун.
Ак-Сайдан жакынкы кыштакка чейинки аралык 100 чакырымдан ашат. Данил учурда машинеси бузулуп калгандыктан ат менен барып келет.
Ак-Сайда ичүүчү сууну беш чакырым алыстагы булактан ташып келишет.
Топозго алыстан гана көз салып койгон Данилдин күндүз колу бош.
Күндүн нурунан кубат алуучу аппарат жайлоодогулардын башкы шайманы. Анын жардамы менен телевизор көрүп, музыка угушат.
Данилдин келинчеги Гүлзаттын ашканасы
Учурда тоодо карышкыр күч болуп жаткандыктан кечкисин топоздорду короого айдап келишип камайт. Данил жайдан бери төрт топозун карышкырга жедирген.