Ошто экожурналисттердин фестивалы өтөт

15-16-октябрь күндөрү өтө турган фестивалдын максаты Фергана өрөөнүндө экологиялык журналистиканы өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле фестиваль айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты рационалдуу пайдалануу жана табигый кырсыктарды алдын алуу тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирүү максатын көздөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнун кеңсесинен кабарлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө уран сакталган жайларга да медиатур уюштурулат.

Фестивалдын алкагында ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, Кыргызстандын жана Тажикстандын Орхус борборлору жыл башында жарыялаган экологиялык журналистика боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылат. (ErN)