Үйү талкалангандар жаңы конуштуу болушту
Үй ээлери ачкычтарын алышты.
Эки үй толугу менен курулуп, үч үй оңдолгон.
Үйлөрдү оңдоого президенттин социалдык коргоо жана калкты колдоо фондунан 5 миллион сом бөлүнгөн.
Ысык суу электр тогу менен жылыйт.
Үйлөр көмүр менен жылыйт.
Үй ээлери ар бир бөлмөнү кыдырып көрүшүүдө.
Мындан сырткары күйүп кеткен үйлөрдү калыбына келтирүү жана материалдык чыгым үчүн кошумча 3 миллион 200 миң сом каралган.
Үйгө желим терезелер коюлган.
Конок тосууга даярдык.
Душ, даараткана үйдүн ичинде.
16-июлда Бишкектин Анкара жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук операциясы өткөн. Атайын кызмат "Ислам мамлекети" террордук тобуна катыштыгы бар деген адамдар кармалганын, экөө жок кылынганын маалымдаган. Бирок кийин кылмышка шектүүлөрдүн жакындары алардын террорчулукка тиешеси болбогонун айтып, күч кызматкерлерин айыптаган.