"Бала бакчабызды кайтаргыла..."
Кезегинде мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаны кайтарууга президенттен жардам сураган Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургундары ошол бала бакча алдына ызы-чуусуз көчө жыйынга чыгышты.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Айти Тойчиев союз мезгилинде Жүзүм шарап комбинатына караган социалдык объектилер жергиликтүү бийликтин карамагына өтсүн деген Маммүлк фондунун токтомуна карабай менчиктештирилип, учурда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Эмил Узкбаев жана анын туугандары ээлеп бербей жатканын айтты.
Тынч көчө жыйынга айылдагы ар улуттун өкүлдөрүнөн турган 50гө чукул жашоочулар катышты.
1400 орунга ылайыкташкан бала бакча орто жолдо талаш жаратып эч ким иштетпей, ушу тапта чатырынан суу өтүп, кейпи кетүүдө. Чогулгандар мамлекеттин карамагына эртерээк өтсө каражат чогултуп ашар жолу менен болсо да иштетүүгө барарын билдиришти.
1993-жылы бала бакча имараты менчиктештирилип, ошону менен балдардын бакчасы да иштебей калган. Айылдыктар аны талап-тонотпой, жакшы сактап келатышат.
Учурда айылда бир да бала бакча жоктугунан 400гө чукул кичнекей балдар ата-энесинин колунда. 2013-жылы айылдыктар жергиликтүү жамааттык топ түзүп, президентке, өкмөткө жолдогон кайрылууларынан жооп болбой, чырлуу маселени сот аркылуу чечип алгыла деген жообун беришкен. 2011-жылы райондор ортолук сот бакча имаратын жеке ишкерлердин пайдасына чечим чыгарып берген.
Бул бала бакчанын имаратына Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Эмил Узакбаевдин эжеси Базаргүл Чекиева ээлик кылып, анын менчигинде экендигин билдирип, аны эч ким тартып албастыгын билдирип келет. Чогулгандар бул маселе чечилбесе, кийинки жылдын май айынан тарта имаратты басып алууга даяр экендигин айтышууда.
Айылдыктар 2013-жылы чыккан президентин менчиктештирилген бала бакча имараттарын мамлекетке кайтаруу жарлыгы аткарылбай жатканын айтышат.
Май айында президент Алмазбек Атамбаев Сузак районундагы көпүрөнүн ачылышына келген учурда айылдыктар кайрылуусун тапшырган. Жергиликтүү бийлик кайрылууга адаттагы жообун узатып тим болот. Айылдыктар бул маселеге президенттин өзү көмөк көрсөтүүсүн суранышты.