Малчынын акталбаган мээнети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы районундагы Ак-Сай жайлоосунда беш жылдан бери мал баккан Эдил Алымкул уулу жайлоодон бир жума мурун көчүп кеткен. Ал 700дөн ашык кой багат. Учурда жай бою отурган жерин тазалоо менен алек. Кыркылган койлорунун жүнүн талаада калтырбай өрттөп турат. Кой жазында кыркылат, бирок ал убакта жүн чыбаш болгондуктан күйбөйт, күзүндө кургаганда гана өрттөшөт.