Талибандын Газни шаарына чабуулунун мизи кайтарылды

Газнинин көзөмөл бекетиндеги аскерлер. 13-октябрь, 2015-жыл.

Провинция губернаторунун орун басары Мохаммад Али Ахмадинин билдиргенине караганда, Талибандын 2000дей согушкери Газниге бир нече багыттан чабуул койгон.

Бирок коопсуздук күчтөрү алардын мизин кайтарууга жетишти. Анткен менен бул окуя талиптер өлкөнүн түштүгүндө да айыл жерлериндеги таянычтарын кеңейтүүгө умтулуп жатканын каңкуулоодо.

Талиптердин чабуулунан улам Кабулдан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан Газниде дүкөндөр жана мектептер жабылган.

Жакында Талибан өлкө түндүгүндөгү Кундуз шаарын үч күнгө ээлеп алган болчу. Ал эми өткөн аптада Фарьяб провинциясынын борбору Маймана шаарына кирүүгө аракеттенген.

Ооган күчтөрү Кундузда толук көзөмөл орноттук деп ырастаганы менен маал-маалы менен атышуулар азыр да болуп жатат.

НАТОнун атайын күчтөрү колдогон ооган аскерлери согушкерлердин калган-катканын издеп, үймө-үй кыдырып, тазалоо операциясын жүргүзүүдө. (UE)