Коргоо министри Кудайбердиевге карата кылмыш иш козголду

Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге карата кылмыш иш козголду. Ал жана министрликтин бир нече жооптуу кызматкери коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча улуттук комитеттен кабарлашты.

Былтыр август айында министр мекеменин атайын каражат эсебинен "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасына 2 жылдык мөөнөткө 12 миллион бөлүп берүү тууралуу буйрукка кол койгон. Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул акча расмий документтерге киргизилген эмес жана министрлик менен "Аскер Курулуш" ишканасынын айрым жетекчилеринин сол чөнтөгүнө түшкөн.

Коргоо министрлиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)