Бул тууралуу Ноокат райондук милициясынан кабарлашты. Жыл башынан бери аймактык ички иштер башкармалыгына ажырашууну каалаган жана үй-бүлөлүк чырга байланыштуу 30дан ашык тургундар арыз менен кайрылган. Алардын жарымы ишти милициянын кароосу менен чечүүнү кааласа, калган 15 үй-бүлө аксакалдар сотунун кийлигишүүсү менен ажырашкан жок.
Урушуп алып арыз менен кайрылган жубайлардын көбү жаш үй-бүлөлөр. Алар турмуштук жетишпестиктерге, кайын эне - кайын ата маселесине байланыштуу чатакташкандар. Ички иштер кызматынан билдиришкендей, күйөөсү Орусияда, Казакстанга миграцияда жүрүп же тескерисинче аялы сыртта жүргөн үйлөрдө ажырашуу көп орун алууда.
Кара-Суу районунун Агартуу айылынын башчысы Жакыпбек Акышев да буга чейин иштеген бир жыл убакытта эле кыштакта ажырашкан 16 жубайды жараштырууга жетишкен. (ErN)