Ош шаарындагы эстакада көпүрөсүнө асфальт төшөлүүдө

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Навои көчөсүнө түшүп жаткан курулуштун экинчи этабы аяктап, үчүнчү этабы - асфальттоо иштери бүгүн башталды. Көпүрөнүн башы Масалиев көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин 1,2 чакырымга асфальт басуу 10 күн ичинде аяктайт.

Көпүрөнүн капталынан кошумча үч жол ачылды. Алар Өзгөн жана Мажүрүм тал көчөсү Навоини Тилеке баатыр көчөсү менен туташтырат. Буга улай Ленин көчөсү тараптан Тилекеге карай да жаңы жол түштү.

Жумушту “Сафари” курулуш компаниясы аткарууда. Обьекттин узундугу 265 метр, туурасы 24 метр. Суммасы 665 млн. сом деп бааланган.

Эстакада көпүрөнүн курулушу 2013-жылы октябрда башталган. Аны ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атап, 2015-жылдын жазында ишке берерин айткан. Ал убадасынан эки-үч айдан кийин эле өзү кызматтан кетип, көпүрөгө байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Калаа башчылыгына жаңы келген Айтмамат Кадырбаев көпүрө быйыл жайында бүткөрүлөрүн билдирген болчу. Эми болсо 29-октябрда, Ош шаар күнү майрамдоого карата ачылышы күтүлүүдө. (ErN)