Нобель тынчтык сыйлыгы Тунистин Улуттук диалог төртилтигине ыйгарылды

Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы бул ирет Тунистин Улуттук диалог квартетине - төртилтигине ыйгарылды. Ослодо жасалган расмий билдирүүдө төртилтик 2011-жылы президент Зине Эль Абидин бен Алини кызматтан шыпырып түшкөн ыңкылаптан кийин Тунисте “плюралисттик демократияны орнотууга чечүүчү салым кошкону” айтылат.

Улуттук диалог төртилтиги 2013-жылдын сентябрында түзүлгөн. Ага жергиликтүү 4 уюм – Тунистин өнөр жай, соода жана кол өнөрчүлөр конфедерациясы, Кесиптик кошуун, Адам укуктары лигасы жана Адвокаттардын улуттук ассоциациясы кирет.

Ошол эле жылдын октябрында төртилтик өлкөнү турукташтыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуунун демилгесин жактырып, ортолук мунаса иштерге арачы болгон. Ошондон бери төртилтик жаңы долбоорлорду ишке ашырып, былтыркы президенттик жана парламенттик шайлоого байкоо салды.

Тынчтык сыйлыгы төртилтикке быйыл 10-декабрда Норвегия борборунда тапшырылмакчы.