Ошто оюнчук тапанча менен каракчылык кылган өспүрүмдөр кармалды

Бул тууралуу Ош шаардык милиция бөлүмүнөн кабарлашты. 17-18 жаштагы өспүрүмдөр “Сулайман-Тоо” археологиялык музейине чыккан өзү теңдүү балдардын телефондорун, акчаларын бир нече ай бою тоноп жүрүшкөн. Алар жалпы онго жакын карактоого барган.

Акыркы жолу 14-сентябрда окуучулардын кол телефондорун жана жанындагы тыйын баштыктарын коркутуп алып кетишкен. Жабырлануучулар алардын жүзүн таанып калгандыктан милиция бейбаштарды тез арада кармаган.

Каракчы балдардын айрымдары окуучу, кээлери колледждин студенттери экени аныкталды. Алардын төртөө Кадамжай районунан, экөө Өзгөн районунан. Колго түшкөн топтун жанынан кытайлык өндүрүштөгү оюнчук тапанча алынды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, алты өспүрүм эки айлык мөөнөткө камалды. (ErN)