Ошто маңзат ташыган жаран 12 жылга камалды

Кичи автобустун айдоочусу аркылуу 800 грам маңзатты (гашиш) Оштон Бишкекке жөнөткөн жаранды 12 жылга күчөтүлгөн режимде камоо тууралуу Ош шаардык сотунун өкүмү күчүндө калтырылды. Айыпталуучунун апелляциялык арызын караган Ош облустук соту далилдерге таянып 8-октябрда баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды. Мындай маалыматты Оштогу адам укуктары боюнча “Эдвокаси” борбору таратты.

25 жаштагы А.А. аттуу жигит алгачкы көрсөтмөсүндө маңзатын өзүнүн керектөөсү үчүн сатып алганын айткан болчу. Акыркы процессте ал гашишти Бишкекте абакта жаткан досунун өтүнүчү боюнча салганын мойнуна алган. Ал маңзатты бут кийимдин кутусуна салып, автобустун айдоочусуна берип койгон.

Өткөн жылдын октябрь айында колго түшкөн айыпталуучу андан бери акчасы түгөнүп, жактоочу жалдай албай калгандыктан “Эдвокаси” борборуна жардам сурап кайрылган.

Актоочулар бул иш боюнча Жогорку Сотко арыз берүүгө камданууда. (ErN)