Алма жыттанган Ноокат

Ноокат алмасынын эң таанымал сорттору

Райондогу 12 айыл өкмөттөн келген дыйкандар алманын элүүдөн ашык түрүн калың элдин алдына жайды. 

Себетте алманын 20 сорту чогулган

Фестивалды ар кандай оюн-зооктор жана ыр-бий коштоду.  Өткөн жылы фестиваль Өзгөн районунун Ак-Жар айылында өткөн. ​

Иш-чарага Айыл чарба министрлиги, консалтинг компаниялар, ишкерлер, бизнес-ассоциациялар, жергиликтүү тургундар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, кытай, орус жана казак элчилери менен кошо бир нече чет элдик ишкерлер чакырылган. ​

Аким Бекболот Айтиев билдиргендей, алар алмалардын сапатын көрүшүп, Казакстан жана Орусияга экспорттоо боюнча меморандумга кол коюшат​

ПРООНдун колдоосунда өтүп жаткан иш-чаранын максаты - ноокаттык багбандарды жана Ноокат алмасын өлкөнүн башка аймактары менен эл аралык коомчулукка таанытуу. ​

Фестивал алкагында тегерек стол жана талкуулар да өттү. Багбандар алма өстүрүүнүн жаңы технологияларын, кайра иштетүүнү, экспорттоо жана сактоо боюнча сабак алышты.​

2006-жылдан бери Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтчү бул иш-чара түштүк регионунда экинчи жолу уюштурулууда. ​

Ноокат районунун Көк-Жар жана Кашкалдак айылдарынын дыйкандары тажрыйба алмашып жатышат.

Алманын бул сорту Женифер деп аталарын көпчүлүк биле бербейт.

Алма жарманкесине райондогу мектеп окуучулары кызуу даярданышкан.

Алма сотрунан жасалган светофор.

Жарманкеге катышкан окуучулар иш-чара шаңын бий кечеси менен улантууну каалашат.

Дыйкандан бат мөмө берүүчү "Интенсивный" деп аталган алманын өнүктүрүлгөн сортторун өстүрүүнү самашууда. Анткени эски сорттор узак убакта мөмөгө кирип, көп жерди ээлейт.

Дыйкандар мал жана эгин өстүрүүгө эле эмес узак мөөнөттүү кредиттерди бак өстүрүүгө да берсе дешет. Анткени алма көчөтү 8-12 жылда мөмө бере баштайт.