Султанов: ФИФАнын 28 миң доллар айыбын төлөө деле оор

Эл аралык футбол федерациясынын 28 миң доллар айыбын төлөө кыйындык жаратууда. Бул тууралуу Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, ФИФА салган айып жыл соңуна чейин төлөнүшү шарт жана ал үчун демөөрчүлөр, кошумча каржы булактары изделүүдө

16-июнда Бишкекте болгон Кыргызстан-Австралия беттешинен кийин ФИФА Кыргызстандын футбол федерациясына үч дисциплинардык эреже бузганы үчүн 28 миң доллар айып салган. Ал айыптар файердин жагылышы, күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгышы жана стадионго сыйымдуулугунан ашыкча адамдардын киргенине байланыштуу салынган.(UEz)