Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого талапкер партиялар күрөөгө койгон каражаттардан 35 млн. сом пайда тапты. Бул тууралуу БШК мүчөсү Гүлнара Батырова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, шайлоого катышкандардын ичинен катышкан шайлоочулардын 5 пайыз добушун ала албаган 7 партиянын күрөөсү кайтарылбайт. Ал эми аталган чектен өткөн КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт”, “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партияларынын шайлоого катышууга койгон 5 млн. сомдук күрөөсү кайтарылат.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Ага катышкан 14 партиянын алтоо жеңишке жетишкен. Партиялар үгүт иштерине расмий түрдө 777,8 млн. сом сарпташкан. Эксперттер бейрасмий эсепте шайлоо өнөктүгүнө 7,5 млрд. сом коротулганын айтышууда.(UEz)