Кийиз кепич бутка дары

Бут кийимге керектүү кийиз колго уютулуп жасалган. Ал эми кийизге жүндү айылдан эле бир килограммын 50 сомдон сатып алышат.

Даяр болгон кийиздин бетине атайын даярдалган оюуларды колго сайып чыгышып, ал бут кийимдин өлчөмүнө жараша кесилет.

Бир килограмм жүндөн болжол менен эки-үч түгөй бут кийим чыгат.

Бир тигүүчү бир күндө төрт-беш бут кийим тигүүгө жетишет.

Бут кийим тигүүдө илме шибеге жана лезвия керектелет.

Кийиз кепичти алгандар саны жылдан жылга көбөйүүдө. 

Кийиз кепичтерди көбүнчө чет элдиктер сатып алышат. Бул жолу алар үчүн 200 бут кийим тигилүүдө. 

Бут кийимдердин эки түгөйү тең бирдей болушу үчүн атайын калыпка салып, анан тигишет.

Кийиз кепичтердин өңү ар түркүн.

Бурулуш Жаманбаева ачкан бул кичи тигүүчү цехте беш киши иштейт. 

Бут кийимдерден ашкан калдыктар ыргытылбайт, андан кайра курак куралат. 

Ар бир бут кийимге керектелүүчү материалдын ченеми бар.

Бут кийимдер жайкысын гана тигилет. Бир сезондо 400гө чукул бут кийим жасашат.

Жалаң кийизден жасалгандыктан бул кепичтер бутту тердетпейт жана дарылык касиети бар.

Астранын бул жерде иштегенине эки жыл болду. Ал жумасына буйрутмага жараша 2000 сомдон өйдө маяна алат.

Тигүү цех Бурулуш Жаманбаеванын үйүнүн машина токтотуучу жайында жайгашкан. Цех жетекчиси жаңы имарат салуу пландап жүрөт.