Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун толук жыйынтыгы келерки аптада белгилүү болот. Азыр алыскы аймактардагы добуштарды саноо уланып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова “Азаттыкка” билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча байланыш начар шайлоо участкаларындагы 20 миңдей бюллетень толук санала элек.
Мыйзам боюнча, шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күн ичинде жарыяланат.
4-октябрдагы шайлоодо 14 партия ат салышкан. Алдын ала жыйынтык боюнча КСДП, “Республика Ата журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” парламентке өткөн. (SE)