Кыргызстанда 8-октябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан шамал согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Сокулук, Нарын райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 24...29,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9° болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт.Түнкүсүн 8…10, күндүз 28…30° жылуу болот.