Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду белгиленген милдет жана максаттарга туура келчү төрт долбоорду кароодо. Эгер алар жактырылса, жалпы суммасы 35 млн. долларлык насыя бөлүнөт. Аталган фонддун маалыматына ылайык, 1-октябрга карата жалпысынан 130 арыз келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгүн айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүгө багытталган долбоорлор түзөт. Мындан сырткары өндүрүш жабдууларын модернизациялоо, чакан ГЭСтерди куруу, туризм жана мейманкана бизнеси баштаган башка багыттагы долбоорлор бар.
Өткөн жыл аягында Евразия экономикалык биримдиги алдында түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун чакан жана орто бизнеске насыя берүү программасы ишке кирген. Жалпы кору 1 миллиард долларды түзгөн фонд 10-сентябрдан тарта жактырылган долбоорлорду каржылоону баштады. 12% үстөгү менен берилчү алгачкы насыясы дыйкан-фермерлерге берилген. (КЕ)