Алып баруучу “Супер-инфону” 100 миң сомго айыпка жыкты

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Сот “Супер-инфо” гезити боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык гезит алып баруучу Назира Айтбековага моралдык чыгымы жана дары-дармеги үчүн деп 100 миң сом төлөп берүүсү керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Назира Айтбекова өзү маалымдады.

“Супер-инфо” гезити 2012-жылдын ноябрында ошол кездеги Коомдук 1-каналдын алып баруучусу Назира Айтбекованы тамашага салган. Айтбекова журналисттердин аракетин өзүнө каршы атайын уюштурулган иш катары баалап сотко берген. Жыйынтыгында адам уурдоо, бейбаштык кылмыштарына жол берилген деп иш козголгон. (TSh)