АКШ: коллеждеги атышууда кылмышкер өзүн өлтүргөн

АКШ полициясы Орегон штатындагы коллежде өткөн жумада болгон атышуу боюнча толукталган маалыматтарды берди. Кабарларга караганда, Роузбург шаарында өзүнүн курсташтарын атып өлтүргөн 26 жаштагы Крис Харпер-Мерсер полиция аткан октон өлгөн эмес. Изилдөөлөр ал өз жанын кыйганын көрсөттү. Мурдараак ал полициянын огунан мерт кеткени айтылган эле.

Крис Харпер-Мерсер коллежде ок ачкан учурда 9 адам дүйнө менен кош айтышкан. (SE)