Орусияда болгону 1065 кыргызстандык добуш берди

Санк-Петербургдагы добуш берүү

Орусияда жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктардын арасынан болгону 1065 киши гана парламенттик шайлоодо добуш берди. Добушканалар алты шаарда - Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск жана Владивостокто иштеди. Кыргыз элчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Орусияда жалпы 9 миң 375 кыргызстандык жаран шайлоо тизмесине кирген.

Орусияда расмий эсепте жарым миллиондон көп, бейрасмий миллиондон ашуун кыргызстандык бар. Алардын басымдуу бөлүгү добуш берүү курагындагылар. Бирок биометрикалык маалыматтардын айынан жана техникалык мүчүлүштүктөн көбү тизмеге кирбей калган.

Шайлоо мыйзамы боюнча чет өлкөдө жүргөндөр биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдук каттоого турганда гана добуш бере алат деген талап бар. (SE)