Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Алдыда Кыргызстан социал-демократтар партиясы келатат:
1.КСДП – 27,26%,
2.”Республика Ата-Журт”- 20,34%,
3.“Кыргызстан” - 12,79%,
4.“Өнүгүү-Прогресс” - 9,32%,
5.“Бир бол” - 8,35%,
6.“Ата-мекен” - 7,8%.
Бул алты партия 7 пайыздык босогодон өтүп, мандат алууга укук алгандар. Ал эми 7 пайыздык чекке жетпеген партиялар төмөнкүлөр:
7. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” - 6,15%,
8. “Замандаш” – 2,77%,
9. “Улуу Кыргызстан” 1,51%,
10. “Ар-намыс” – 0,8%,
11. “Мекен ынтымагы” 0,79%,
12. Кыргызстан элдеринин конгресси – 0,6%,
13. “Аалам” 0,41%,
14. “Азаттык” – 0,34%.
Парламенттик шайлоого жалпысынан 14 партия ат салышты.
Кечки саат сегиздеги маалыматтар боюнча шайлоочулардын 45,7% добуш берди. Бул сал дагы өзгөрүшү айтылууда. (SE)