Түрк байкоочулары парламенттик шайлоого ийгиликтүү деп баа берди

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин башкы катчысынын орун басары Өмер Кожоман Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүн ийгиликтүү деп атады.

“Биз бир нече шайлоо участогунда болдук. Бирок бир да одоно мыйзам бузууларга күбө болгон жокпуз. Тескерисинче, шайлоонун заманбап ыкмасы колдонулуп жатат. Сиздердин өлкөңүздөр демократиялык жактан жакшы өнүгүүдө. Элдин баары, аялдар да шайлоого катышып жатат” – деди Өмер Кожоман.

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин башкы катчысынын орун басары Өмер Кожоман баштаган топ Ош аймагындагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жүрөт.

Оштогу шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ баш болгон бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоо салышууда. (YI)