Атамбаев Орусиянын Сириядагы чабуулдарын колдорун айтты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусиянын Сириядагы аба чабуулдарын колдойт. Бул тууралуу президент бүгүн Бишкекте добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Атамбаев бул алгачкы эффективдүү чабуулдар болду деп эсептерин билдирди.

30-сентябрда орус Федерация кеңеши президент Владимир Путиндин чет өлкөдө аскер күчүн колдонуу өтүнүчүн канааттандырган соң Москва Сириянын аймагында абадан сокку уруп баштаган.

2-октябрда "Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы согушуп жаткан АКШ баштаган эл аралык коалиция жана Түркия Орусияны Сириядагы чаржайыт соккуларды токтотуп, радикал согушкерлерге каршы күрөшүүгө чакырган. (RK)