Бул жолку шайлоо санарип технология боюнча уюштурулушу жалпы процесстин так жана адилет болушун камсыз кылат, демек, элдин бийликке, демократиялык институттарга ишенимин, бийликтин легитимдигин күчөтөт. Мындай пикирин бүгүн Бишкектеги №1220 шайлоо бекетинде добуш берген "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Партия башчысы добуш берүүгө жубайы жана кичүү кызы менен келди.
Текебаевдин белгилешинче, "акылдуу урналар" добуш берүү жана жыйынтыгын эсептөө процессин таза кылат, бирок шайлоо бул бир күндүк жараян эмес:
- Шайлоо - бул бир нече ай. Добуш берүүгө чейин эски адаттарыбыз кайталанып жатат. Административдик, криминалдык, финансылык жана маалыматтык басым эскичесинен эле уланууда. Бирок көч бара-бара оңолот демекчи, биз азыр добуш берүү жана жыйынтык чыгаруу процессин компьютерлештире алдык. Демек, бул жерде салыштырмалуу адилеттик, тактык болот. Административдик ресурс мурункудай колдонулбайт.
Бүгүн Кыргызстан парламенттин жаңы курамын шайлоодо. 120 мандат үчүн 14 партия ат салышууда. Алардын катарында "Ата-Мекен" да бар. (RK)