Coca-Cola менен McDonalds Йозеф Блаттерди кызматтан кетүүгө чакырды

Блаттер

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) башкы демөөрчүлөрү саналган Coca-Cola жана McDonalds компаниялары Йозеф Блаттерди уюмдун жетекчилигинен кетүүгө чакырды. Бул чакырык Швейцария өкмөтү 79 жаштагы Блаттердин үстүнөн кылмыш ишин козготкондон бир жума өткөндон кийин жарыяланды.

Coca-Cola жана McDonalds FIFA аброюн тикелөө үчүн Блаттер тезинен кызматтан кетиши керек деп эсептейт.

Йозеф Блаттер федерацияны 17 жылдан бери башкарат. Быйыл жыл башында дагы беш жылдык мөөнөткө шайланган. Ал жана башка бир катар аткаминерлер жемкорлукка айыпталып жатышат.

Йозеф Блаттер 2018-жылы футболдун дүйнө чемпиондугун Орусияда өткөрүүнү колдойт. (SE)