Өзбекстанда пахтачыларды алып бараткан машине кырсыкка учурады

Өзбекстанда пахта терип жаткандар

Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусунун Мирзабад районунда пахтачыларды тартып бараткан “ЗИЛ-14” машинеси коңторулуп кетти.

Укук коргоочу “Эзгулик” коомунун маалымдашынча, машине 37 пахтачыны жүктөп бараткан. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өз булактарына таянып, 1-октябрдагы автокырсыкта 4 жаран набыт болгонун кабарлады. “Эзгулик” коому билдиргенге караганда, оор жарадар болгон 18 адам Гүлистан шаарындагы оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.