Кытайдын Лючжоу шаарында эки күн ичинде 18 жардыруу болду

Кытай. Бээжиндин көчөлөрү.

Соңку жардыруу бейшембинин таңында Кытайдын түштүгүндөгү Лючжоу шаарында болду. Бул бомба да буга чейинки от жети жардыруучу заттай эле почта аркылуу жиберилген. Жардыруулардан жети адам набыт кетип, элүүдөй адам жарадар болду.

Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция 33 жаштагы Вей аттуу жаранды кармаганын жазышты. Синхуа агенттиги билдиргендей, ал жардыруучу заттарды белгиленген даректерге жиберүү үчүн атайын адамдарды жалдаган. Бомбалар соода жайларында, ооруканаларда, түрмө жана жергиликтүү администрациянын имаратында жарылган.

Лючжоу шаарында ишемби күнгө чейин почта аркылуу бир нерсе жиберүүгө тыюу салынды. Азырынча кылмышкер эмне максатта бул ишке барганы белгисиз.