Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн Улуттук коопсуздук комитетине барып, шайлоодогу коопсуздук боюнча ыкчам штабдын иши менен таанышты. Өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берилип, түрдүү чагым, террордук жана экстремисттик акцияларды алдын алуу чаралары талкууланды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык мандатка 14 партиядан 2 миңден ашуун талапкер ат салышып жатат.
Милиция бүгүнтөн тарта 7-октябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (RK)