Чоң жеген “чоңдор” (3)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандагы саясий, экономикалык коррупциянын абалын иликтөөгө алды. Изилдөөлөргө таянсак, мамлекеттик органдардан укук коргоо, сот жана милиция кызматкерлери көп пара талап кылышат. Алардын бир алган “энчиси” эле миллиондорду чапчыйт. Мыйзамсыз иштерди калкалап, ал үчүн пара талап кылгандардын арасында Жогорку Кеңеш депутаттары, президенттин жана өкмөттүн аппарат кызматкерлери да бар.