"Кылым шамы": "Патриоттор" тобун бийлик өзү түзгөн деген кооптонуу бар

Өзүн "Патриоттор", "Кырк чоро", "Кыргыз чоролору" деп атап алган топторду мамлекеттик бийлик өзү түзүп алган деген кооптонуу бар. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова 29-сентябрда Польшада адам укуктары боюнча эл аралык жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Укук коргоочу 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин өлкөдө улутчул мүнөздөгү түрдүү уюмдар түзүлүп, алардын айрымдары чет элдик фирмалардын кеңселеринде, клубдарда суроо-сопкутсуз текшерүү уюштуруп, адамдардын эркиндигин чектеп, кол салып жатканын айтты.

- Эң коркунучтуусу, ар бир ушундай окуядан кийин алар Ички иштер министрлиги менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлганын жүйө келтирүүдө. Аталган министрлик муну танбагандыктан, балким, ал уюмдарды мамлекеттик бийлик өзү түзүп алганбы деген кооптонуу бар, - дейт Абдирасулова.

Чет жакта мигрант болуп жүргөн кыздарды жылаңачтап, ур-токмокко алып, видеосун интернетке таратып, өзүн "Патриоттор" деп атап алган топтун бир да мүчөсү азырынча кармала элек. (RK)