Ажыда тебелендиде каза болгондордун саны миңден ашуун болушу мүмкүн

Сауд Арабия бийлиги ажылык сапар учурунда тебелендиде калып набыт болгондордун саны миңден ашуун болушу ыктымал деген маалыматты четке какты. Ага чейин Нигериянын расмий өкүлдөрү, Жидда шаарында өлүкканага жеткирилген адамдардын саны 1100гө чукул экенин Би-Би-Сиге билдирген. Айрым башка өлкөлөр дагы каза болгондордун саны Сауд Арабия көрсөткөн сандан алда канча көп экенин белгилешүүдө. Алар буга байланыштуу сүрөттөрдү көрүшкөнүн айтышкан. Сауд Арабстан бийлиги сүрөттө тебелендиде эмес, башка жерде өлгөндөрдүн сүрөттөрү коюлгандыгын билдирүүдө.

24-сентябрда Мекедеги кырсыктан каза тапкан зыяратчылардын саны расмий маалыматтар боюнча 769 жетти. Каза болгондордун 230га жакыны ирандыктар. Булардан сырткары Мисир, Марокко, Пакистан, Нигерия жана башка өлкөнүн жарандары бар. (КЕ)