Мамлекеттик “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын жумушчулары август айынын маянасын дагы эле ала албай жүргөнүн айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылышты. Арызда жазылгандай, мекемеде иштеген айрым жумушчуларга айлыгы берилип, кээ бирлериники кармалууда. Жумушчулар ортодо түзүлгөн келишимдин нускасын ала албай жүрүшкөнүн айтышып, ишкананы сотко берүүгө камданып жатышканын билдиришти.
Ал эми “Бишкек асфальт сервис” жетекчилиги ортодогу келишимге ылайык, ар бир айдын маянасы кийинки айдын жыйырманчы күнүнөн соң берилерин “Азаттыкка” билдирди. Ишкананын адистер бөлүмү бир жумадан бери кезеги менен маяна таратылып жатканын белгиледи.
“Бишкек асфальт сервис” жол куруу менен алектенет. Анда 150дөй адам иштейт. (SE)