Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 28-сентябрга карата "Өнүгүү - Прогресс" партиясы шайлоо фондунан 112 миллион 260 миң сомдон ашыгырак каражат сарптаган. Андан кийинки орунда 105 млн. 800 миң сомго жакын каражат жумшап “Республика Ата-Журт” партиясы турат. Каражатты көп сарптагандардын үчүнчү сабында КСДП партиясы бар. Алар короткон каражат 103 миллион 221 миң сомдон ашыгырак.
Шайлоо фондунан эң аз акча короткон “Мекен ынтымагы” партиясы. Партия ушул күнгө 8 млн. сомго жакын каражат жумшаган.
Мыйзам боюнча партиялардын шайлоо фонду 500 миллион сомдон ашпоосу керек. (КЕ)