Саудиянын коопсуздук күчтөрү ИМге мүчө деп шектелгендерди өлтүрдү

Reuters агенттигинин маалымдоосу боюнча, Саудиянын баш калаасы Эр-Риядда коопсуздук күчтөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна мүчө деп шектелген эки кишини өлтүрүп, үчөөнү камакка алды. Андан мурда 26-сентябрда Сауд Арабиянын коопсуздук күчтөрү ИМге мүчө деп шектелген 18 жаштагы жигиттин көзүн тазалашкан. Ал өз бөлөсүн уурдап, Хаил чөлүнө алып барып, ага кошуп дагы үч адамды өлтүргөн расмий мекемелер айтып чыгышкан.

Өлкөдө согушкер деп шектелгендерге карата мындай иш-чаралардын жүрүүсүнө август айында Сауд Арабиянын түштүк-чыгышындагы мечитте 15 кишинин өмүрүн алган жарылуу негиз болууда. Дагы бир жарылуу Кувейт менен чектешкен шииттердин мечитинде орун алып, андан да бир нече киши көз жумган. (BCh)