БУУнун Башкы ассамблеясына министр Абдылдаев катышат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына учуп кеткенин министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

БУУнун Башкы ассамблеясынын мааракелик жыйынында коопсуздук, терроризмге, расалык дискриминацияга каршы күрөшүү, куралдуу кол салууларды болтурбоо маселелери каралат.

28-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышып, жалпы саясий талкууда сөз сүйлөмөк. Бирок президент алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу жумушчу сапарын токтоткону кабарланган. (TSh)