Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы билдирет. Өкмөттүн берген маалыматы боюнча өлкөнүн көмүргө болгон жылдык керектөөсү 2 миллион 718 миң тонна.
Анын ичинен Бишкек жылуулук борбору сезондо 1 млн. 444 миң, бюджеттик мекемелер 237 миң жана эл 1 млн. 37,4 миң тонна көмүр жагат. Ошондой эле 40 миң тонна мазут керектелет. (TSh)