Москвадагы эң ири мечит

Эски  мечит 1904-жылы курулуп, совет маалында Москвадагы жалгыз мечит катары сакталып келген. Учурда анын аймагы 964 чарчы чакырымдан 19 мин чарчы чакырымга чейин кеңейтилген. 

Курулуш иштерине 170 миллион доллар өлчөмүндө каражат коротулганы жана анын басымдуу бөлүгүн орусиялык миллиардер Сулейман Керимов төлөгөнү белгиленүүдө. 

Расмий маалыматтар боюнча Москвада 2 миллион мусулман калкы жашайт. 

1904-жылкы эски мечиттин мунарасынын бөлүгү кичи мунарада сакталган.  Мунаралар орус муналарына окшош болуусу талап кылынганы белгиленет. 

Мечит Москвадагы проспект Мира метросунда Дуров жана Выползов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Мунаранын ички көрүнүшү.

Мечитте музей, көргөзмө залы жана китепкана бар.

Алты кабаттан турган мечиттин эң жогорку кабаты кыз-келиндер үчүн бөлүнгөн.

Курулуш бардык заманбап талаптарга жооп берет. Жалпысынан мечитте жети лифт жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  үчүн пандустар каралган.

Жаңы мечит «Монарт Иншаат» түрк ишканасы тарабынан курулган. Мурунку курулушчу «Бетрио» сегиз жылдан ашык курулуш иштерин созуп келген.

Мечиттин архитектурасы орус, татар жана түрк стилдеринде жасалгаланган.

Ар бир бөлмөдө башкы  куран окулчу жайдан түз видео эфир уюштурулган.

Даарат алуучу жер. 

Мечитке келген коноктор.