Элине арык чапкан Абдинасип
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттыктын" “Азыркы кыргызстандык” түрмөгүндө чоңкеминдик дыйкан Абдинасип Тойчубаев жөнүндө сөз кылабыз. Пайгамбар жашынан өтүп калган Абдинасип өз айылында эзелтеден бери көйгөй болуп калаткан сугат суу маселесин чечүүгө киришти. Ал азыр өз үй-бүлөсүнүн чөнтөгүнөн эки миллион сомдой каражат сарптап, айылга суу алып келем деген жаш кезиндеги кыялын ишке ашырып жатат. Бул долбоор ишке кирсе, Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Калмак-Ашуу айылынын 500 гектар жери суу менен камсыз болот.