Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиевдин Беларустун Раубичи кыштагындагы үйү боюнча маалыматты териштирүүнү суранып, Башкы прокуратура Беларус бийлигине кайрылды.
Аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, буга чейин да ушундай суроо-талап жөнөтүлүп, бирок беларус тарап өлкөдө Марат Бакиевдин аты-жөнү же ага тиешелүү мүлк катталган эместигин айткан.
“Азаттыктын” беларус кызматы Раубичи кыштагындагы үч кабат хан сарайдын сүрөттөрүн жарыялап, анда Марат Бакиев үй-бүлөсү менен бирге жашарын, ага чейин Березин коругунда президенттик апартаментте жашашканын жазган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, анын үйүнө атасы Курманбек Бакиев, агасы Жаныш Бакиевдер үй-бүлөсү менен келип-кетип турушат.
Беларус президенти Александр Лукашенко 2010-жылдын августунда Кыргызстандан качып барган Бакиевдерге ак сөөктөр жашаган Веснинка аймагынан элиталык үй бөлүп берген болчу.
45 жаштагы Марат Бакиев 2010-жылдын 7-апрелине чейин УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеп турган. Аны сот 90дон ашык адамдын өлүмүнө байланыштуу 22 жылга сыртынан соттогон.
Курманбек, Жаныш жана Максим Бакиевдер да сыртынан кесилип, 5 жылдан бери эл аралык издөөдө. Беларус Кыргызстандын аларды экстрадициялоо боюнча талабын четке кагып. (SE)