Орусияда украин учкучу Савченконун соту уланууда

Надежда Савченко Москвадагы сотто, 4-март, 2015.

Украин учкучу Надежда Савченконун соту Орусиянын Украинанын чыгышы менен чектешкен алыскы Донецк аттуу чакан шаарчада кайра уланганы жатат. Ал былтыр Украинанын чыгышында эки орус журналистинин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Анын адвокаты Фейгин бүгүнкү соттун алдында кире бериште турган журналисттердин баары четке сүрүлгөнүн билдирди.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, 34 жаштагы Савченко 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагуу менен кармалышына каршы абакта 80 күндөн ашуун ачкачылык да жарыялаган. Савченко өзүн орусиячыл жикчилдер кармап алып, Орусияга өткөрүп бергенин айтып келет. Украин бийлиги да ушундай эле ойдо. Президент Порошенко аны "Эрдик үчүн" ордени менен да сыйлаган. Украин бийлиги менен кошо Батыш өкмөттөрү жана эл аралык укук коргоочу уюмдар Орусиядан аны бошотууну талап кылып келатышат.

Буга чейин адвокаттар сотко ишти кароону Москвага которуу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок ал өтүнүч канааттандырылган эмес. Надежда Савченко өткөн жылдын июль айынан бери Орусиянын абагында жатат.