Өкмөт башчы интернетте кыргыз тилин өнүктүрүп жаткандар менен жолугат

"Википедиянын" логотиби

Кыргыз премьер-министри Темир Сариев Google Translate тармагына кыргызча сөздөрдү киргизип, “Википедияда” кыргыз тилинде жазылган маалыматтарды көбөйтүп жаткан ыктыярчылар менен жолугат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкектеги улуттук китепканада өтө турган жолугушууда Википедияга макала кошуу жана башка тилдеги сөздөрдү интернет аркылуу кыргызчага которуу ыкмалары боюнча тренинг болот.

Google Translate аркылуу 90дон ашуун тилдеги сөздөрдү которсо болот. Тармакка мурунку СССР курамындагы Кыргызстандан башка бүт мамлекеттер өз тилдерин киргизген. Учурда кыргызча сөздүк кошуу боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Орток энциклопедия саналган “Википедия” тармагында кыргызча макалалар 10 миңден ашат. (SE)